Бальзамдоо - түрдүү чиритпөөчү заттарды куюу менен өлүктү бузулуудан сактоо. Бальзамдоо үчүн дене ткандарына антисептик жана консервалоочу эритмелер, көбүнчө формалин (байыркы заманда бальзамдар, аталышы ошондон) сиңирилет. Алар чиритүүчү микробдордун тиричилигине тоскоол кьшат. Бальзамдоо окутуу, илими, соттук-медициналык, ошондой эле көрүнүктүү адамдардын денесин сактоо максатында жүргүзүлөт. Бальзамдоо байыркы замандан бери белгилүү. Айрыкча Байыркы Египетте кеңири таралган. Орус окумуштуулары В. П. Воробьев, Б. И. Збарский иштеп чыккан ыкма боюнча 1924-ж. В. И. Лениндин денеси бальзамдалган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4