Бальмер сериясы (швейц. илимпоз И. Я. Бальмердин (1825-98) ысмынан) - суутектин атому нур чыгарган кезде байкалган жана Бальмердин формуласы менен аныкталуучу спектрдик сызыктардын сериясы.

Бальмер сериясына кирген спектрдик сызыктар көзгө көрүнүүчү жана ультра кызгылт чекте жатат. Апы ар түрлүү газдардагы электр разряддарынан пайда болгон спектрлерден байкоого болот. Күндүн жана жылдыздардын составында суутек көп болгондуктан, бул сериядагы сызыктар жогорку температурада пайда болгон жутулуу спектрлеринен да байкалат. Мис, Күндүн слектриндеги фраун-гофер сызыктарынын ичинде бул серияга кирген толкун уз. 6562, 8 А(На); 4861. 3А (НЛ ; 4340. 5А (Ш); о Р 4101, 7А (Не) сызыктар кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.