Бальцерович Лешек - (1947-ж. туулган) польшалык экономист жана мамлекеттик ишмер. 1989-92-ж. Польшанын финансы министри. Анын демилгеси менен Польшада рынок экономикасын түзүү боюнча реформалар жүргүзүлгөн. Реформалар эркин соода жүргүзүү, валюта алмаштыруу жана бааларды либералдаштыруу чараларын камтыган. Анын жүрүшүндө келип чыккан баалардын кескин жогорулашы жана инфляция поляк элинин абалын оорлоткон. 1992-ж. Польшанын президенти Лех Валенса өз өкмөтүнүн популярдуулугун сактап калуу үчүн аны отставкага кетирүүгө аргасыз болгон. Ага карабастан Бальцерович баштаган реформалар оң натыйжаларды берип, өлкөнүн экономикасы өнүгө баштаган. Рынок экономикасына өтүүнүн польшалык үлгүсү дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган. Экономиканы реформалоонун мындай жолу кийин «шок терапиясы» деген атка ээ болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4