Бал ачуу, далы ачуу - койдун далысын, ташты, күзгү ж. б. пайдаланып, боло турган окуяны алдынала көрө билүү ишеними. Тарыхый-этнографиялык маалыматтарга караганда кара кытайлар (кидандар) жортуулга жөнөрдө ак койдун далысын отко күйгүзгөн. Эгер далы жарылып кетсе жортуулга чыккан, жарылбаса чыккан эмес. Мындай ырым-жырым «Манас» эпосунда да кездешет. Анда кыргыздар далыны жөн эле карап көрүп, алдыда күтүп турган окуяларды билишкен делет. Бал ачуу ырым-жырымы чыгыш элдеринде (түрк, моңгол, кытай жана калмак) кеңири таралган жана бөтөнчө өркүндөөгө, магия деңгээлине жеткен. Бүгүнкү күндө да кыргыздарда Бала ачуунун бир түрү 41 таш менен төлгө салуу ырымы сакталып калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4