Банктарды топтомдоо - банк операциясы менен активинин көпчүлүгүн улам азайып бараткан ири банктарга чогултуу.

Өнүккөн, индустриялдуу өлкөлөрдө Б. т. өндүрүш менен капиталды топтоо негизинде ыкчам темпте жүрөт. Мис., 1970-ж. Францияда бардык активдин 80%и 10 банктын үлүшүнө туура келген. Банк монополиясы чыгып, өнөр жай монополиясы менен тыгыз бириккендиктен финансы капиталы жана финансы олигархиясы пайда болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9