Баньян - өсүмдүктүн фикус уруусуна кирүүчү дарактардын бир нече түрү. Бенгал баньяны фикус деп аталып, бийиктиги 30,5 м ге жетет. Индияда кеңири таралган. Себеби анын көлөкөсү үчүн өстүрүшөт. Дарак шагынан өскөн аба тамырлары жерге чейин жетип, тамырланат жана сөңгөккө айланат; бир эле дарак кээде 2 гата. жакын жерди ээлеп өсөт. Баняньдын түзүлүшү вегетациялык көбөйүүнүн өзгөчө формасы, анда энедарак менен жады дарактын ортосундагы байланыш узакка сакталат. Эне-дарак куурап калса да, калган дарактардын өсүшүнө таасир этпейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4