Барабарсыздык — ≤ (кичине же барабар), ≥ (чоң же барабар), > (чоң), < (кичине), ≠ (барабар эмес) белгилери менен байланышкан туюнтма.

Мисалы: а жана b эки туюнтмасы үчүн а<b, b ≥а, а>b, b>а, a ≠ b деп жазылат. Барабарсыздык > же < белгисин кармаса так, ≥ же белгисин кармаса так эмес деп аталат. Кээде математикада барабарсыздыктын өзгөчө белгиси >> (кыйла чоң) же << (кыйла кичине) да колдонулат. а>с>b, а≥b>с, а>b≥с, а≥b≥с түрүндөгү барабарсыздыктар кош барабарсыздыктар деп аталат. Барабарсыздыктын төмөнкүдөй негизги касиеттери бар: 1) a>b болсо b<a; 2) а>b жана b>с болсо, а>с; 3)a>b болсо, анда ас>bс; 4) a>b жана с>d болсо, а+c>b+d; 5) а>b жана с<d болсо, а—с>b—d; 6) а>b болсо п>0 болгондо, ап>bп, а/п>b/п ал эми n<0 болгондо a/n < b/n жана а/п>b/п; 7) a>b>0 жана с>d>0 болсо, анда ас>bd; 8) а>b>0 жана с>d>0 болсо, анда а/d>b/с; 9) а>b>0 болсо, анда аn>bn, мында n — натуралдык сан; 10) а>b>0 болсо, анда > , n — натуралдык сан. Барабарсыздык теңдеме сыяктуу эле трансценденттик, алгебралык, бүтүн, бөлчөк, рационалдык, иррационалдык, ошондой эле өзгөрмөсүнүн даражасына карата биринчи, экинчи ж. б. даражадагы барабарсыздыктар деп бөлүнөт.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004