Барабиндиктер - (өздөрүн бараба деп аташат) Россиядагы түрк эли, сибирь татарларынын курамындагы этностук топ. Мусулман сунниттер. 1926-жылдагы эл каттоо боюнча саны 7528 адам болсо, кийинки каттоолордо эсептелбей калган. Барабиндиктер волга-урал (татар жана башкыр тили) жана казак-алтай тилинде сүйлөшөт. 17-кылымдын башында Барабиндиктердин жашаган аймактарга орустар, кийин татарлар европалык Россиядан көчүп келип отурукташкан. 18-кылымдын аягында татар тили, ислам дини жергиликтүү элдердин арасына кеңири таралган. Бирок Барабиндиктердин бир бөлүгү исламга чейинки өздөрүнүн үрп-адат, салттарын, ишенимин көпкө чейин сакташкаи. Барабиндиктер мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесиптенишкен. Тамак-ашы негизинен эт жана ун азыктары. Суусундукка сүт жана кымыз ичишет. Барабиндиктердин маданияты батыш сибирь татарларына жакын.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4