Баралбас мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу балык жон тибиндеги мөңгү. Акзоо кырка тоосунун түн. капталында. Уз. 3,7 км, аянты 2,5 км2.

Акшыйрак суусунун жогорку агымы Баралбастын алабында жайгашкан. Мөңгү кырка тоонун ортоңку бөлүгүндөгү туурасы 1 км келген денудациялык тилкени ээлеп, суу бөлгүчтү бойлото созулат. Үбөлөнүү процессинин натыйжасында пайда болгон жазы кырда мөңгүнүн эки салаасы түндүктү баштанып жатат. Алардын этеги 4040 м ж-а 4060 м бийиктикке ылдыйлап, сыртынан өрөөн мөңгүлөрүнүн этегине окшойт. Бул эки «тил» четки мореналар м-н курчалган, аларды асканын борчугу бөлүп турат. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4620 м, этеги 4040 м бийикте жатат. Андан башталган өзөн Баралбас суусуна оң жактан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2