Барбизон мектеби - 19-кылымдын 30-60-жылдарында франциялык пейзаж живописинин реалисттик көркөм агымынын өкүлдөрү (Т. Руссо, Ж. Дюпре, Н. Диаз, К. Тройон, Ш. Ф. Добиньи ж. б.). Парижге жакын Барбизон кыштагында иштешкен. 17-кылымдагы голландия пейзажисттердин салттарына таянган Барбизон мектебинин өкүлдөрү улуттук француз пейзажынын жаңы тибин жаратышкан жана анда француз жаратылышын ачык-айкын, жөнөкөй, поэтикалык формада, күчөтүүсүз чагылдырышкан. Барбизон мектебинин сүрөтчүлөрү токойлорду, дарыяларды, шалбааларды, жупуну кыштактарды чындыкка жакын элестүү тартышкан, алардын түстүк байлыгын, жарык менен аба чөйрөсүнүн айкалыштарын сактап кала алышкан. Барбизон мектеби өзүнүн реалисттик принциптерин официалдуу академизмге каршы койгон. Жөнөкөй жана күндөлүк нерседен сулуулукту көрө билүүгө, ачык-айкындыкка, жасалмасыздыкка умтулууга, сүрөтчүлөрдү натурадан (чыныгы турпаттан) тартууга чакырган. Барбизон мектебинин чыгармалары 19-кылымдагы Европа көркөм сүрөт искусствосундагы реалисттик пейзаж жанрынын өнүгүүсүнүн маанилүү этаптарынан болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4