Баргалар - КЭРдин Ички Моңголия Автономиялуу районундагы Хулун-Буйр деген аймакта жашаган субэтникалык топ. Илимий адабияттарда «барга-монголдор» деп да аталып жүрөт. Этнонимдин параллелдери баргы (адигине), баркы (саруу, тейит) урууларынын курамында бар. Элдин аты монгол тилинде «маданиятсыз», «орой» ж.б. маанилерди туюнтат. Бул ат менен халха монголдору 17-к. лама динин кабыл албаган, шаман динин тутунган монголдорду аташкан. Энчилүү ат (лакап ат) ушул себептерден улам калыптанган. 18-к. 30-ж. манжурлар тарабынан Далай Нурга (Барга) көчүрүлгөн. Тилинде монгол-бурят, тунгус-манжур элементтери байкалат. Негизинен көчмөн мал чарбачылыгы менен кесиптенишет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү