Баргана (Фергана) өрөөнү, Баргана ойдуңу, Баргана — Орто Азиядагы тоо аралык ойдуң; Өзбек, Кыргыз, Тажик Республикаларынын аймагында жайгашат

Баргана өрөөнү.
Баргана өрөөнү.

Үч бурчтук формасында болуп, түштүгүнөн Алай, Түркстан, түн.-батышынан Курама, Чаткал, түн.-чыгышынан Баргана тоо тизмеги м-н чектешет. Батышында кууш өткөөл аркылуу Ачталаа м-н туташат. Уз. 340 км, эң жазы жери 160 км, аянты 22000 км2. Ойдуңдун тегиз таманы деңиз деңг. 400–1200 м бийиктикте жатат; чет-жакалары 1000 мге чейин көтөрүлүп, андан ары айланасындагы тоолордун этектерине өтөт. Баргананын тектон. чуңкуру борпоң тектер м-н толгон. Өрөөндүн жайык таманы аккумуляция облусу болуп эсептелет; үстүнкү катмары төртүнчүлүк мезгилдин аллювий ж-а пролювий чөкмөлөрүнөн турат. Жайык тектирлердин бети (Сох, Исфара, Исфайрам-сай ж. б.) шилендилери м-н капталган. Түш.-чыгышта Баргананын негизги бөлүгүнөн неоген сары чопо, конгломерат катмарлардан турган адырлардын жазы тилкеси м-н бөлүнөт. Түн.-батышында Сырдарыяны бойлой палеоген-неоген тектеринен түзүлгөн Акбел (бийикт. 854 м), Мехаутаук (1009 м) жалчалары созулуп жатат. Адыр тилкеси мезозой-кайнозой м-н палеозойдун сланец ж-а акиташ тектеринен турган тоо тармактарына өтөт. Баргана өрөөнү — жогорку сейсмдүү район (батышында 7 балл, чыгышында 9 баллга чейин жер титирөөлөр болот). Өрөөндүн чет-жакаларында ж-а тегерегиндеги тоолордо мунай,таш көмүр, газ, темир, жез, полиметалл сымап, сурьма, күкүрт, таш, туз ж. Б-дын кендери бар. Өрөөндү курчаган тоолор түндүктөн соккон муздак аба массасын тосуп тургандыктан кышы мелүүн (январдын орт. темп-расы –2... —3°С), жайы кургак, жылуу (июлдуку 24–28°С). Жылдык жаан-чачыны ортоңку бөлүгүндө 200—220 мм, чыгышында 500 мм. Өрөөндүн аймагында Нарын м-н Карадарыя кошулуп, Сырдарыяны түзөт. Ал чыгыштан батышты карай агат. Айланасындагы тоолордон көп суулар агып түшөт; ирилери:Сох, Исфайрамсай, Исфара, Шаймерден,Акбуура, Гавасай ж. б. Булар сугатка кеңири пайдаланылгандыктан Сырдарыяга жетпейт. Агын суулары негизинен кар,жамгыр сууларынан куралат. Өрөөн жер астындагы сууларга да бай, алар кудуктар аркылуу алынат. Ойдунда Чоң Баргана, Түш. Баргана, Чоң Анжыян каналдары, Сырдарыяда Кайраккум суу сактагычы курулган. Баргана өрөөнүнүн боз топурактуу түздүктөрдүн жапыс адырларын шыбак- туу-эфемердүү чөл ж-а жарым чөл ээлейт. Мында шыбактан башка коңурбаш, жылгын, ыраң, терскен, трагакант, өрөөндүн бийик бөлүгүндө буудайык, арпакан, айрым жерлеринде бадам, мисте өсөт. Өрөөндүн батышындагы тоо этектеринде жайгашкан чөлдүү түздүктөрдүн көп жерин гипстешкен боз ж-а шагылдуу боз топурак ээлейт. Мында баялыш ж-а эфемер өсүмдүктөрү басымдуу. Шор ж-а аллювий шалбаа шор топурактары Сырдарыянын өрөөнүндө кеңири таралган. Ойдуңдун борб. бөлүгүндөгү кумдуу чөлдө сөксөөл, жузгун өсөт. Баргана, Чаткал кырка тоолорунун капталдарында жаңгак, алма, алча, жапайы жемиш токою бар. Баргана өрөөнү —пахтачылык, жибекчилик ж-а жүзүмчүк өнүккөн ири район. Оазистерде пахта, жемиш бактары, жашылча, жемиш, айрым жеринде жүзүм өстүрүлөт. Өрөөндүн борб. бөлүгүндөгү чөлдүү дың жерлер өздөштүрүлүүдө. Чөлдүү түздүктөр жыл бою жайытка, эфемер өсүмдүктүү адырлар жазгы жайытка пайдаланылат; дан өсүмдүктөр эгилчү кайрак жерлер бар. Өрөөн Орто Азиядагы калк эң жыш отурукташкан аймак, мында Кожент, Кокон, Баргана, Анжыян, Ош, Жалал-Абад, Наманган ж. б. ири шаарлар жайгашкан.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2