Баргуза кырка тоосу - Орусыянын Чыгыш Сибирь (Бурятия) бөлүгүндө, Байкал көлүнүн түндүк-чыгыш жээгин бойлой 280 км ге созулуп жатат. Бийиктиги 2841 м ге чейин. Гранит, кристаллдык сланецтен турат. Батыш капталын мырзакарагай-кызылкарагайлуу жана күңүрт ийне жалбырактуу тайга, чыгышын кызылкарагайлуу токой ээлейт. Минералдуу булактары бар. Батыш капталында Баргуза коругу, Забайкалье улуттук паркы уюшулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4