Баргузин коругу - Бурятиянын Баргузин кырка тоосунун батыш капталында, Байкал көлүнүн түндүк -чыгыш жээгинде жайгашкан корук.

Аянты 248, 2 миң га. Баргузин булгунун сактоо жана көбөйтүү максатында 1916-ж. түзүлгөн. Бул жердин тоолуу-тайгалуу ландшафттары да корулат. Баргузин коругунда багыш, кабарга, күрөң аюу, суур, кекилик, чил бар, көл жээгинде түлөн жашайт. Агын сууларында омуль, осетр, хариус, таймень, ленок ж. б. балыктар көп.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.