Барклай-Де-Толли Михаил Богданович

Барклай-Де-Толли Михаил Богданович (1761-14. 5. 1818) - орус ген. -фельдмаршалы (1814). Ата Мекендик согуштун баатыры (1812), князь (1815) Ригага көчүп келген илгерки шотландиялык кланынан.

Орус-түрк (1787-1791) жана орус-швед (1788-1790, 1808-1809) согуштарына катышкан.
Ата Мекендик согушта 1-Батыш армиясынын командачысы болгон, ага 2-Батыш армиясы да баш ийген. Бородино салгылашуусунда орус армиясынын оң тарабына командачылык кылып, согуштук жогорку чеберчиликти жана эр жүрөктүүлүгү көрсөткөн. 1813-ж. З-Армияга, андан кийин орус-пруссия аскерлерине командачы болуп, алардын чет өлкөлөргө жасаган жортуулдарына жетекчилик кылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.