Барманов, Токтосун Белекович

Токтосун Белекович Барманов (1964) - Кыргызстандагы саясатчы жана жергиликтүү бийлик ишмерлеринен.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Токтогул Белекович Барманов Кыргызстанда 1964-жылы 8-апрелде туулган.

Бишкектеги № 1 мектеп-интернатта жана № 4 мектеп-интернатта окуган.

Орусиянын Тверь шаарында Тверь кооператив техникумунда таалим алган.

КР Президентине караштуу Башкаруу академиясында окуган.

Түркияда стажировкада болгон.

Ар кыл мамлекеттик ж.б. кызматтарда иштеген.

2014-жылы 19-февралда Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен Токтосун Барманов Жалал-Абат облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими болуп дайындалды.

Коомдук кызматы, ишмердиги түзөтүү

Акын жана демократ ойчул Токтогулдун 150 жылдыгына арналган “Токтогул Сатылгановдун жылы” иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн 2014-жылдын 17-майында Бишкек шаарында өтө турган жумурияттык илимий жыйын, 22-24-августта Кетмен-Төбө өрөөнүндө (Жалал-Абат облусуна караштуу Токтогул районунда) өтө турган эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын жана элдик той менен байланыштуу кеңири маданий иш-чараларды уюштурууга райондук жетекчи катары катышууда.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Өмүрдүк жубайы - Сабыргүл Өмүркулова.

Бала-чакасы бар.

Токтогул району тууралуу адабият түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү