Барнаул - Орусия Федерациясындагы шаар (1771-жылдан). Алтай крайынын администрация борбору. Обь дарыясындагы порт. Калкы 631,2 миң (2005). Темир жол тоому. Машина куруу (мотор, буу казан, механика пресс, транспорт, машина куруу заводдору), жеңил (меланж жана кебез кездеме комбинаты), химия (химия була комбинаты, шина, резина-техника буюмдары, асбест-техника буюм заводдору ж. б.), тамак-аш өнөр жайы; 6 ЖОЖ (анын ичинде Алтай университети), 4 театр, 2 музей (сүрөт жана колдонмо өнөр) бар. 1730-ж. негизделген.

Барнаул (2007).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4