Барнет эффектисимагнит талаасы жок жерде ферромагнетикти айландырганда анын магниттелиши. Магнетикти айландырганда гироскоптук момент түзүлүп, ал атомдордун спиндик ж-а орбиталык механикалык моменттерин магнетиктин айлануу огуна карай бурууга умтулат. Атомдордун механикалык моменти алардын магниттик моменти менен байланыштуу болгондуктан, айланганда магниттик моменттин түзүүчүсү (магниттелиш) пайда болот. 1909-ж (орус тилдүү адабиятта ) же 1915 [1] (англис тилдүү адабиятта) америкалык окумуштуу Сэмуэл Барнетт (Samuel Jackson Barnett) ачкан.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. БИШКЕК – 2004

ISBN 9967-14-010-0

Кошумча адабият түзөтүү

  • S. J. Barnett, Magnetization by Rotation, Physical Review, Vol. 6, Issue 4, pp. 239–270 (1915). [1]
  • S. J. Barnett, Gyromagnetic and Electron-Inertia Effects, Review of Modern Physics, Vol. 7, Issue 2, pp. 129–166 (1935). [2]

Эскертемелер түзөтүү

<references>

  1. Barnett, S. J. (1915). "Magnetization by Rotation". Physical Review 6 (4): 239–270. Bibcode 1915PhRv....6..239B. doi:10.1103/PhysRev.6.239.