Барокамера (гр. baros оордук, салмак жана камера) — төмөнкү (вакуумдук) жана жогорку (компрессиялык) атмосфералык басымды жасалма түрдө алуу үчүн колдонулуучу аба кирбей турган жылчыксыз бөлмө (камера). Басымды абанын курамын өзгөртүү жана аны бир калыпта сактап туруу үчүн барокамера атайын аппараттар менен жабдылат. Барокамера адамдын организимине бийиктиктин тийгизген таасирин изилдөө, учкучтар менен космонавттардын машыгуусун өткөрүү, авиациалык кыймылдаткычтарды текшерүү, кээ бир ооруларды дарылоо ж. б. үчүн пайдаланылат.

Булактар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4