Баротравма (гр. baros - салмак жана майып кылуу) - атмосфералык басымдын капыстан өзгөрүшүнөн угуу мүчөлөрүнүн (кээде өпкө, ичегинин) бузулушу.

Күчтүү атмосфералык басым акырындык менен таасир этсе, кулактын тарсылдагынын эки жагындагы (тышкы угуу тешигиндеги жана ички кулактын көңдөйүндөгү) басым евс-тахий түтүгү аркылуу теңдешип турат да, бузулуу пайда болбойт. Басым капысынан өзгөргөндө (мис, самолет ылдам көтөрүлгөндө жана ылдый түшкөндө), басымды теңдөө үчүн жутуу кыймылын жасоо сунуш кылынат. Эгер басым теңделүүгө жетише албай калса, кулактын тарсылдагы ичин карай тартылат да, басым угуу сөөк-чөлөрү аркылуу ички кулакка оойт. Басым абдан күчтүү болсо, кулактын тарсылдагы жарылып кетиши мүмкүн. Баротравма учкучтарда, парашютчулар жана суучулдарда кездешет. Аны алдын алуу үчүн мындай жумушка евстахий түтүктөрү таза адамдарды тандап, алып, алар менен атайын баро-камераларда машыгууларды жүргүзүү зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.