Барпиев Рыскул (1942-ж.т., Коргон-Төбө айылы) - айыл чарба тармагынын көрүнүктүү ишмери, райондун ардактуу атуулу.

Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн (1962-64). 1964-72-жылдары “Чаткал” совхозунда механизатор, 1972-92-жылдары чабан болуп иштеген. II, III даражадагы “Эмгек Даңкы” ордендери, төш белгилер менен сыйланган. Чарбадагы жетишкен ийгиликтери үчүн эки жолу автомашина (москвич, УАЗ) сыйлыкка алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6