Барскоон ― орто кылымдарда Ысык-Көл өрөөнүндө гүлдөп-өскөн, Улуу жибек жолунун таманында жайгашкан шаар.

Барскон (же Ысык-Көл) аймагынын бийи (акими) ушул шаарда отурган.

Бир катар арап географтары жана саякатчылары бул шаарды Х кылымдан бери өз жолнаамаларында эскеришет.

Бул шаардын акими Хусейндин баласы Махмуд Кашгари 1029-1038-жылдардын аралыгында ушул шаарда төрөлгөн.

Ал кийинчерээк түркология илимине жол чапкан. Анын толук ысымы - Махмуд ибн Хусейн ибн Мухаммед ал-Барскани, ал-Кашгари.

Бул аалым - он биринчи кылымдагы түрк калктарынын чыгаан энциклопедист окумуштуусу, тилчи, тарыхчы-этнограф, географ, картограф, диалектолог, этнолог катары кеңири таанымал.

Махмуд Кашгари 1072-1077-жылдары арап тилинде "Дивану лугати-т-түрк" - "Түрк тилдеринин сөз жыйнагы" эмгегин жазган.

Азыр да Барскоон шаарынын калдыгы Жети-Өгүздөгү Барскоон кыштагынын жанында сакталган, бирок шаар чалдыбарынын көпчүлүк бөлүгү 1950-жылдардагы дың бузуу жараяны учурунда айдоо талааларынын алдында калган.

Пайдаланылган адабияттар түзөтүү

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.

Шилтеме түзөтүү