Барсылдак (лат. Grossularia) — таш жаргычтар тукумундагы көп жылдык өсүмдүк уруусу, бадал. Бийиктиги 130 см. Бутагы тикенектүү, жалбырагы татаал, кезектешип жайгашат. Гүлү ак, көк, кош жыныстуу. Мөмөсү жемиш, түркүн түстө, тоголок, сүйрү, көп уруктуу.

Түндүк Америка, Европа, Азияда жапайы 50дөй түрү бар. Кыргызстанда жапайы 1 түрү Ысык-Көл өрөөнүндөгү тоолордо өсөт. Эгилме Б. Россияда, Белоруссияда, Балтика боюндагы өлкөлөрдө, Кыргызстанда (Чүй, Ысык-Көл облусунда) өстүрүлөт. Мөмөсүндө кант, органикалык к-та, пектин заты, С, В1, Р витамин, А провитамини (каротин), темир, фосфор туздары болот. Мөмөсүнөн кыям, компот даярдалат. Зыянкечтери: барсылдак бүлбүлдөгү, барсылдак-карагат таарыгыч. Илдети: филлоксера.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4