Барынын бирдиктиги (орус. Всеединство) – дүйнөнү, адамды, ааламды, маңыз, негиз, болмуштан жогору болгон бардык нерселерди бирдиктүү, органикалык бүтүндүк катары караган философиялык концепция.

Барынын бирдиктиги түшүнүгү алгач элеаттарда, өзгөчө неоплатониктерде кезигет. Барынын бирдиктиги термини айрым мистикалык философияларда, ошонун ичинде 19-кылымдын аягы, 20-кылымдын башындагы негизги өкүлдөрү В. С. Соловьев, С. Н. Булгаков, П. А. Флоренский, С. Л. Франк, Л. П. Карсавин ж. б. болгон орус диний-философиялык традицияда жолугат.

Барынын бирдиктиги ой жүгүртүүнүн ар түрдүү деңгээлдери философиялык менен диний, же философиялык-теориялык менен мифопоэзиялык дүйнө түшүнүүнүн өз ара катнашы, интуиция катары караса болот. Барынын бирдиктиги генетикалык тарыхынын түпкүрүндө ритуалдык-магиялык маданий-руханий ишмердүүлүктүн бөлүнүшү жатат. Барынын бирдиктиги айрым интуитивдик-символдук мотивдери азыркы күнгө чейин магиялык-анимисттик дүйнө түшүнүүгө мүнөздүү болгон көз караштарга окшош. Социалдык таанууда Барынын бирдиктиги руханий-маданий, мистика-провиденциялдык тарыхый процесстин универсалдык схемасын тургузууга умтулат.

Натыйжада, тарыхый процесстин социалдык ченеми абстракттуу, утопиялуулукка алып келген символдук сүрөттөөнүн предмети гана боло алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү