Бар системалары - атмосферадагы төмөнкү жана жогорку басымдын астында турган аймактар.

Бар системаларынын негизгилери - басымы төмөн аймак-циклондор жана басымы жогору аймак-антициклондор. Алар басымдын таралышы боюнча түзүлгөн парталарда туюк изобарлар (бирдей басымды бириктирүүчү сызыктар) менен чектелет. Ал эми туюк эмес изобарлар менен чектелген Бар системалары "коо", "кыр", "кайкы" болуп бөлүнөт. Эки изобар сызыгынын ортосу "бар талаасы" деп аталат. Бар системаларынын өлчөмү ар түрдүү, бирок адатта материктердей, океандардай же алардын чоң бөлүктөрүндөй келет. Алар жыл мезгилине жана мейкиндикке жараша өзгөрөт. Аба агымы, булут, жаан-чачын, температуранын таралышы Бар системаларына тыгыз байланыштуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.