Басилей, басилес -Микен доорундагы Байыркы Грецияда азыраак калк жашаган жердин башкаруучусу.

Гомердик мезгилде согуштук, жрец-тик жана соттук укукка ээ болгон Уруунун же уруулар союзунун башчысы; адегенде бийликке шайлануу жолу менен келишкен, кийинчерээк бийлик атадан балага мурас болуп калган. Афиныда падышалык бийлик жоюлгандан кийин (б. з. ч. 11-кылымдагы салт боюнча) "Басилей" деген термин экинчи архонтту белгилөө үчүн, Спартада - падышалардын титулдарынын бири катарында, эллиндик мамлекеттерде монархтардын аты катарында колдонулган. Байыркы грек адабиятында Рим императорлору Басилей деп аталган. Орто кылымда Басилей Византия императорлорунун атайын титулу болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.