Басмачы - Кыргызстанда жана Фергана аймагынын башка бөлүктөрүндө ХХ кылымдын башында Кеңеш өкмөтүнүн орнотулушуна каршы куралдуу күрөш жүргүзгөн кыймылдын (басмачылык) катышуучусу.

Басмачылардын тобунун башчысын "корбашы" деп аташкан.

Совет доорунда бул сөз расмий тарыхнаамада терс гана мааниде колдонулган.

Ал эми пост-советтик доордо басмачыларды эскичил исламчыл күчтөр катары терс баалагандар да, өз элинин улуттук боштондугу үчүн күрөшкөн баатыр катары даңазалагандар да бар.

Басмачылык кыймылын ар тараптуу иликтегендердин бири - өзбекстандык диссидент окумуштуу, тарыхчы Баймырза Хайит болгон.

Ал 1995-жылы августта Кыргызстанга келип, сый конок болгон.