Басма сөз күнү - журналисттердин кесиптик майрамы. 1912-ж. 5-майда «Правда» гезитинин 1-саны чыккан күндүн урматына СССРде дайыма белгиленген. Кийин эгемендикке жетишкен ар бир өлкө (КМШда) өз басмасөзүнүн пайда болуш тарыхына, мезгилине ылайык, ар башка күндө белгилөөгө өтүшкөн. Кыргыз Республикасында басмасөз күнү жыл сайын 7-ноябрда, б. а. алгачкы улуттук «Эркин-Тоо» гезитинин биринчи саны чыккан (1924) күнү майрамдалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4