Бассейн - спортто сууда сузуу, ватерполо, сууга секирүү боюнча мелдештер өткөрүлүүчү көлмө. Ал сүзүүчү жана кайык айдоочу болуп бөлүнөт. Сүзүү бассейндери табигый жана жасалма болот. Табигый бассейн үчүн суусу жай аккан, түбү тегиз көлмөлөр тандалат. Жасалмасы тик бурчтуу формадагы ваннадан, машыгууга даярдануучу аянттан жана техникалык имараттан турат. Узундугу 50 жана 25 м, туурасы 25, 21, 16, 11 м, туурасына жараша уз. 8, 6, 5, 4 м жолчолору бар, тереңдиги 1,2-1,8 м. Секирүүгө арналган бассейндин өлчөмү 20x20 м. Анын суусун ар суткада чыпкалоо, хлорлоо, бактерицид лампалары менен нурлантуу ж. б. ыкмалар менен тазалап турат, температурасы 26-30° болушу керек. Кайык менен сүзүү бассейнди атайын жайларга курулат, анын тереңдиги 6 м ден ашпайт. Кыргызстанда бассейндер Бишкекте 40-жылдардан баштап курула баштаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4