Бастер - Сент-Китс жана Невис мамлекетинин борбору. Айдарым аралдар тобуна кирген Сент Кристофер (Сент-Китс) аймагынын түштүк жээгинде жайгашкан деңиз порту. Калкы 12,9 миң (2005). Эл аралык аэропорту бар. 1627-ж. Француздар негиздеген. 1867-ж. өрттөн кийин кайра курулган. 1983-жылдан көз карандысыз мамлекеттин борбору. Өкмөт үйү, собор, чиркөө, саат мунарасы, эки кабаттуу үйлөр, улуттук музей, ботаникалык бак, казино, кант заводу, суусундук өндүрүшү иштейт. Туризм өнүккөн.

Бастер.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4