Басым менен муздак ширетүү

Басым менен муздак ширетүү - металлдын ширетилүүчү жерин басым күчү менен пластикалык түргө айландырып, муздак иштетүү. Бул ширетүүнүн чекиттик, жаракалык, чыгырыктуу (роликтүү) жана жылчыктуу ширетүү ыкмалары бар. Ширетилүүчү буюмдун ширетилүүчү жери абдан тазаланып, анан бири бирине беттешгирилет. Ширетүү процессинде зымдын ширетилүүчү жери кысуучу күчтүн таасиринде ысып, пластикалык түргө айланат да, муздагандан кийин биригип катып калат. Мындай ширетүү учурунда электр энергиясы сарп кылынбайт, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт, бириктирилген металлдардын сапаты өзгөрбөйт. Пластикалык касиети жогору алюминий, жез жана жез куймаларын басым күчү менен муздак ширетүү келечектүү ыкмалардын бири болгондуктан, электр өнөр жайында кеңири колдонулууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4