Батаканова Светлана Топчиевна

Батаканова Светлана Топчиевна  (1955) – кыргыздын заманбап педагог, тилчи жана адабиятчы окумуштуусу. Педагогика илимдеринин доктору, профессор, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин  Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

 Батаканова Светлана 1955-жылы Нарын шаарында   туулган. Улуту - кыргыз.   

  • 1972-жылы  Нарын шаарындагы С.М.Киров атындагы №3 орто мектепти аяктаган.
  • 1977-ж. Кыргыз мамлекеттик университеттин филология факультетинин кыргыз тил жана адабият бөлүмүн бүтүргөн.
  • 1979-82-жж. Кыргыз мамлекеттик университеттин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын окутуучусу.
  • 1982-85-жж. күндүзгү окуу бөлүмүнүн аспиранты.
  • 1987-1992-жж. Кыз-келиндер институтунун кыргыз адабияты кафедрасында окутуучу болуп иштеген.
  • 1992-2011-жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетиин кыргыз, орус тилдер кафедрасынын башчысы.
  • 1988-ж. педагогика илимдеринин кандидаты. Темасы: “Республикабыздын жалпы билим берүүчү орто мектептеринин IX-X-класстарында кыргыз жазуучуларынын драмалык чыгармаларын окутуунун методикасын өркүндөтүү”.
  • 1993-ж. доцент наамын алган.
  • 2011-ж. педагогика илимдеринин доктору болгон. Темасы: “Орто мектептерде кыргыз адабиятын окутууда көркөм чыгармаларга талдоо жүргүзүүнүн илимий-педагогикалык негиздери”.
  • 2014-ж. профессор наамын алган.
  • 2006-жылдан бери К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетиин   Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору.
  • 2014-жылдан бери докторлук (кандидат) диссертацияларды жактоо боюнча кеңештин мүчөсү.  

Илимий ишмердиги: түзөтүү

Көркөм чыгармаларды орто мектептерде окутуунун мазмуну жана формалары; мектептерде адабиятты окутуунун тарыхы жана азыркы учурдагы актуалдуу проблемалары; окуу пландарынын, окуу программаларынын жана окуу китептеринин мазмундук, структуралык табияты; окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен инновациялык технологиялары ж.б.

Негизги илимий–методикалык эмгектери: түзөтүү

  1. Мектепте көркөм чыгармаларды талдоонун илимий-педагогикалык негиздери. Монография.–Б.: Кут Бер,  2010.  –  286 б.
  2. Драмалык чыгармаларды окутуунун технологиясы. Монография.-Б.: Кут бер, 2013. – 296 б.
  3. Манастаануучу-Калим Рахматуллин. -Б.: Кут бер, 2013.- 70 б.
  4. Адабиятты окутуунун  усулдары менен  ыкмалары. –Б.:  Кут бер, 2013. – 53 б.
  5. Көркөм чыгармаларды окутуунун методикасы.  -Б.: Кут бер, 2014.  -415 б.
  6. Көркөм чыгармаларды талдоого окуучулардын кабыл алуусун даярдоо. -Б.: Кут бер, 2014. – 32 б.
  7. Адабиятты окутуунун методикасы. Окуу курал.-Б., 2016, -533б.

Сыйлыктары. Наамдары: түзөтүү

  • 2005-ж. Кыргыз Республикасынын элге билим берүү отличниги. 
  • 2007-ж. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланган.
  • 2016-ж. Кыргыз тил коомунун “Ыйык тил” төш белгиси менен сыйланган.

Проф. С.Т.Батаканованын илимий жетекчилиги менен корголгон диссертациялар: түзөтүү

  1. Турпанова Жылдыз Асыранбековна  “Жогорку класстарда драмалык чыгармаларды окутуунун методикасы”, 2013.
  2. Шералиева Анара Жолдошбековна “Кыргыз орто мектептеринде фольклорду окутуунун методикасы (V-VI класстардын мисалында), 2014.