Батиплан - ( гр. bathes терең жана лат. planum тегиздик) суу астында байкоо жүргүзүүчү бир орундуу чиркелме аппарат. Ал балык уулоочу жана топтошкон балыктуу аймактарда (табигый шартта) балыктарга, балык кармай турган конус түрүндөгү оозу бар кап сымал тордун (трал) иштешине байкоо жүргүзүү жана изилдөө үчүн арналган. Гидродинамикалык күчтүн аракети менен кыймылдап, сууга чөгөрүлөт жана тереңдикте кармалып турат. Жылчыксыз тулкусунда отурган адам башкарат. Батиплан кемеден түшүрүлүп, суунун бетинде сүзүп жүрөт же рулдун жардамы менен керектүү тереңдикке чөгөрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4