Батирханов Наралы (Абилла) Сатыбалдиевич

Батирханов Наралы (Абилла) Сатыбалдиевич (26.1.1960-ж.т., Өзбек ССРи ) - коомдук ишмер.

Төрө-Коргон шаарындагы кесиптик-техникалык окуу жайынын бухгалтерия бөлүмүн (1978), Кыргызстан эл аралык университетин (2008) бүткөн. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн (1979-81).

  • 1979-83-жылдары Сумсар шаарча кеңешинин аскердик учет столунда,
  • 1983-86-жылдары Шакафтар шаарчасынын маданият үйүндө жетекчи,
  • 1986-92-жылдары Сумсар шаарча кеңешинде бухгалтер-кассир,
  • 1992-2000-жылдары башкы бухгалтер,
  • 2001-05-жылдары Чаткал райондук мамлекеттик салык инспекциясында башкы инспектор,
  • 2005-13-жылдары Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы.

Муниципиалдык кызматтын II класстагы кеңешчиси. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган. Райондун “Мыкты айыл өкмөт башчысы” наамынын ээси (2008).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6