Батицкий Павел Федорович

Батицкий Павел Федорович (14(27). 6. 1910-ж. т., Харьков) - Советтик Союз. Маршалы (1968), Советтик Союз Баатыры (1965). 1938-жылдан КПССтин мүчөсү. Атчан аскер мектебин (1929), Фрунзе атындагы Аскер академиясын {1938), Ген штабдын аскер академиясын (1948) бүтүргөн. Эскадрондун гэмандири. Генштабда иштеген, бригада, дивизия штабдарынын начальниги.

Улуу Ата Мекендик согушта Түндүк-Батыш фронтто (1941 -43) штабдын начальниги жана аткычтар дивизиясынын командири, Воронеж, 1-2-Украина жана 1-Белорус фронтторунда 73- жана 128-аткычтар корпустарына командачы болуп, Берлинди, Прага-ны бошотууга катышкан. Согуштан кийин аскердик жетекчи кызматтарда. 1966-жылдын июлунан өлкөбүздүн Аба чабуулунан коргонуу аскерлеринин Башкы командачысы жана СССР коргоо министринин орун басары. 1966-жылдан КПСС БКнын мүчөсү. СССР Жогорку Советинин 6-9-шайл. депутаты. 4 Ленин ордени, Октябрь Революциясы, 5 Кызыл Туу, 2-дараж. Суворов, 1-2-даражадагы Кутузов ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.