Баткак, ылай – топурактын сууга эзи- лип, чалмаланып ылайга айлангандагысы.

Башка түрк тилдеринде саз жерлерди баткак дешет. Кээде океан, деңиз ж. б. акпаган көлмөлөрдүн түбүндө органикалык калдыктардын, минералдык бөлүкчөлөрдүн чөгүүсүнөн топтолгон тунмалар да баткак делет. Чым көңдүү, сульфиддүү, сапропелдүү баткактар медицинада дарылоо максатында пайдаланылат. Баткак топоним же анын бир бөлүгү катары да кездешет: Карабаткак (Тескей Алатоонун түн. капталындагы мөңгү), Баткаксуу (Кажырты суусунун сол куймасы) ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2