Баткен мамлекеттик университети

Баткен мамлекеттик университети - Кыргызстандын түштүк-батыш аймагы боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин аттестациясынан өткөн жана жогорку билим берүүдө АЛ 451 лицензиясын алган жогорку окуу жайы болуп эсептелет.
Бүгүнкү күндө БатМУнун башкы мекемесинин 4 окуу лабораториялык корпусу, 30000ден ашуун нускадан турган китепканасы, окуу залдары жана спорт аянтчалары бар. Башкы мекемеде 2 факультет, 7 кафедра иштөөдө. Учурда 9 адистик боюнча күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө 2000ден ашуун студент билим алып жатышат. БатМУнун башкы мекемесинде 95 окутуучу бар. Алардын ичинен илимдин доктору, илимдин кандидаттары жана доценттер, ошондой эле жогорку окуу жайларында, мектептерде көп жылдан бери эмгектенип келген тажрыйбалуу окутуучулар жана аспиранттар иштешет. Ошондой эле БатМУнун алдында "Экономика жана укук колледжи" атайын кесиптик орто билим берүүгө лицензия алган. Колледж: укук таануу, экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча), финансы (тармактар боюнча), банк иштери жана жер-мүлк мамилелери адистерди даярдайт.

Тарыхы түзөтүү

Гуманитардык факультет түзөтүү

Гуманитардык факультет 2008-жылы түзүлгөн. Факультет жогорку квалификациялуу кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили жана тарых мугалимдерин даярдайт. Факультетте 4 доцент 20 ага окутуучу жана 11 окутуучу аспиранттар иштешет.
Факультет төмөнкү адисттиктер боюнча даярдоо жүргүзөт:
КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ адистиги
ОРУС ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ адистиги
АНГЛИС ТИЛИ адистиги
ТАРЫХ адистиги
Финансы жана кредит адистиги
Факультетте студенттер үчүн интернет торчосуна кошулган каана жана лингафондук кааналар иштейт. Англис тили жана филология адистиктеринин студенттери үчүн "Америка ордосу" борбору дүйнөлүк коомчулуктагы жана илимий жаңылыктар менен факультеттин жана ушул окуу жайдын студенттерин камсыз кылып турат. Ошондой эле бул борбор шаардын мекеме-ишканаларынын кызматкерлерине керектүү маалыматтарды бере алат.

Педагогика факультети түзөтүү

Педагогикалык факультет 2008-жылы түзүлгөн. Факультет жогорку квалификациялуу математика, информатика, биология, башталгыч класстардын мугалимдерин жана экология адистерин даярдайт. Учурда факультетте 1 профессор, 4 илимдин кандидаты, 11 ага окутуучу жана 6 окутуучу аспиранттар эмгектенишет.
Факультет төмөнкү адисттиктер боюнча даярдоо жүргүзөт:
БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМИ адистиги
МАТЕМАТИКА адистиги
ИНФОРМАТИКА адистиги
БИОЛОГИЯ адистиги
ЭКОЛОГИЯ адистиги
Педагогика факультетинде биология, экология адистиктеринин студенттери үчүн атайын лабораториялар, математика жана информатика адистиктеринин студенттерине жаңы үлгүдөгү компьютерлер менен жабдылган жана интернет торчосуна кошулган төрт компьютердик кааналар, студенттердин билимин тереңдетүүгө чоң шарттарды түзөт.
БатМУнун 3-4-курсунда окуган эркек балдар үчүн аскердик кафедра иштейт. Анын бүтүрүүчүлөрү офицердик наамга ээ болушат.
БатМУнун башкы окуу мекемеси жогоруда аталган адистиктер боюнча абитуриенттерди атайын орто жана жогорку билимине жараша 3 жана 4 жылдык мөөнөт менен кайра даярдайт.

Экономика жана укук колледжи түзөтүү

Колледж 2006-жылы БатМУнун алдындагы атайын кесиптик билим берүү бөлүмү болуп негизделип, 2009-жылдан баштап Экономика жана укук колледжи болуп түзүлгөн. Бул колледж мамлекеттик жана мамлекеттик эмес юридикалык жана финансылык структуралар үчүн атайын орто билимдүү адистерди даярдайт. Учурда Колледжде 300дөн ашуун студент юридикалык жана экономикалык багыт боюнча билим алууда. Колледждин окутуучулары тажрыйбалуу адистерден куралган. Алардын арасында 1 илимдин кандидаты, 10 ага окутуучу жана 5 окутуучу эмгектенип келүүдө.
Экономика жана укук колледжи төмөнкү адисттиктер боюнча даярдоо жүргүзөт:
УКУК ТААНУУ
ЭКОНОМИКА, БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП (тармактар боюнча)
ФИНАНСЫ (тармактар боюнча)
БАНК ИШТЕРИ
ЖЕР, МҮЛК МАМИЛЕЛЕРИ
Колледждин студенттери экономика жана юридикалык багыттагы эң жаңы басылмадагы китептер менен камсыздалган. Китепкана жана интернет торчосуна кошулган компьютердик кааналар жогорудагы адистиктерде окуган студенттерге терең билим алууга шарттарды түзөт. Колледжде окуган студенттер шаарда жайгашкан финансылык, юридикалык структуралардан, банктардан практикадан өтүшөт.
БатМУда окуган студенттерге илимий-практикалык, чыгармачылык иштерди жүргүзүүгө, өздүк көркөм чыгармачылык жана спорттук дараметин өнүктүрүүгө жана чыңдоого бул багытта эл аралык мелдештерге чейин катышууга толук мүмкүнчүлүк бар.

БатМУнун Уставына ылайык эң жакшы окуган студенттер жана ата-энесинин кароосунан ажыраган студенттер контракттык суммадан жеңилдиктерге ээ болушат.

 Ушул жазылган так маанилуу кыска тушунук,Баткен мамлекеттик университетинде окуган жалпы студенттер учун заарыл кепилдик баракчасы болуп саналат!