Баткибекова Минира Баткибековна

Баткибекова Минира Баткибековна - Химия илиминин тармагында белгилүү, Кыргызстанда термохимия мектебин негиздеген окумуштуу,химия илимдеринин доктору, Кыргыз республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, адистиги: “инженер-технолог”. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин технологиялык факультетинин алдындагы химия жана химиялык технология кафедрасынын профессору.

Баткибекова Минира Баткибековна
Туулган датасы:

9.11.1940 жылы

Туулган жери:

Кыргыз ССР-нын Москва районунун Октябрьское айылында туулган

Ишмердүүлүгү:

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технологиялык факультетинин химия жана химиялык технология кафедрасынын профессору

Сыйлыктары:

КРнын билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын “Данк” медалы менен сыйланган

Өмүр таржымалы түзөтүү

Баткибекова Минира Баткибековна 1940 жылы 9 ноябрда Кыргыз ССР-нын Москва районунун Октябрьское айылында туулган. Мектепти бүтүргөндөн кийин Фрунзе политехникалык институтуна өтүп,андан кийин 3-чү курстан баштап Болгариянын Пловдив шаарындагы тамак-аш өнөр-жайынын Жогорку институтунун тамак-аш жана витаминдерди өндүрүү факультетине которулуп, 1962 жылы ийгиликтүү аяктаган. 1967 жылы кандидаттык диссертациясын жактап (Москва ш.), 1990 жылы Д.И.Менделеев атындагы Москвалык химиялык технология институтунда докторлук диссертациясын жактаган. 300 дөн ашык эл аралык жана республикалык деңгээлдеги усулдук эмгектердин, илимий публикациялардын автору, алардын катарында монографиялар, патенттер жана КР нын Билим берүү министрлигинин грифи менен орус жана кыргыз тилинде чыккан окуу китептери бар. М.Б.Баткибекованынилимийжетекчилигининастында 2 докторлук, 10 кандидаттык диссертация жакталган.

Эмгеги түзөтүү

1957-1962 жылдары Фрунзедеги политехникалык институтунда жана тамак-аш өнөр-жайынын Жогорку институтунда (Болгария, Пловдив ш.) инженер-технолог адистиги боюнча билим алган.

1962-1964 жылдары Фрунзедеги политехникалык институтунун консервалоонун технологиясы кафедрасынын ассистенти.

1964-1966 жылдары Москвадагы тамак-аш өнөр-жайынын технологиялык институнун аспиранты.

1967-2018 жылдары ассистент, улук-окутуучу, доцент, кафедра башчысы, химия жана химиялык технология кафедрасынын профессору.

1967-1971 жылдары – Фрунзедеги политехникалык институтунун окумуштуу катчысы;

1971,1974, 1977, 1986, 1992 жылдары – ФПИ-нун технологиялык факультетинин деканы.

1971-1972 жылдары – А.Гумбольдт атындагы университеттин стажеру (Берлин ш., Германия);

1995-1996 –Кыргыз техникалык университетинин фундаменталдык илимдер факультетинин деканы;

1996-1999 жылдары – Кыргыз техникалык университетинин билим берүүнүн биринчи даражасынын проректору.

1997 жылдан азыркы убакытка чейин Кыргыз техникалык университетинин Химия-технологиялык илимий-изилдөө институтунун директору.

Сыйлыктары түзөтүү

1974ж. “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” наамы ыйгарылган;

1995ж. – “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер” деген наам берилген.

1970, 1986ж. СССР-динЖогорку Кеңешинин президиумунун медалдарыменен сыйланган;

1999ж. Кыргыз Республикасынын “Данк” медалы менен сыйланган.

1970, 1972, 1980, 1984, 1987, 1995 жылдарыКыргызРеспубликасынынбилимберүүминистрлигинин,КыргызССРнинЖогоркуКеңешининПрезидиумунунАрдакграмоталарымененсыйланган.

2006 жылы – Эл аралык инженердик академиянын медалы менен сыйланган;

2012 жылы ВОИС-тин Алтын медалынататыктууболгон;

2012 жылы Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.