Аширбаева Батмахан 1949-жылы Сузак районунун Беш-Бала айылында туулган.

1968-жылы У.Абдукаимов атындагы орто мектепти аяктап, эмгек жолун атасына жардамчы чабан болуп иштеп баштаган. 1970-жылы Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайынын мектепке чейинки бөлүмүнө тапшырып, 1972-жылы ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы “Дружба” совхозуна караштуу “Учкун” балдар бакчасында башкы тарбиячы болуп иштеп баштайт. 1987-жылы ушул эле бакчанын башчысы болуп дайындалат. 1991-жылдан “Дружба” совхозуна караштуу баардык бала бакчаларынын башкы жетекчиси болуп 1995-жылга чейин эмгектенет. Коомдук, маданий иш- чараларга активтүү катышып, көптөгөн конкурстардын уюштуручуусу, катышуучусу болуп бир нече сыйлыктар менен сыйланган. Азыркы учурда ардактуу эс алууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү