Батырбеков Касымбек (19.4.1949-ж.т., Каныш-Кыя айылы) - айыл чарба тармагынын көрүнүктүү ишмери, райондун ардактуу атуулу.

  • Кыргыз айыл чарба институтун бүткөн (1973).
  • 1973-74-жылдары “Чаткал” совхозунда техникалардын коопсуздук боюнча инженер,
  • 1972-80-жылдары “Ак-Таш”, “Каныш-Кыя” совхоздорунда мастерской башчысы, башкы инженер,
  • 1980-85-жылдары райондун «Кыргызайылчарбатехника» мамлекеттик өндүрүштүк бирикмесинин башкаруучусу,
  • 1985-86-жылдары Чаткал райондун агро өнөр-жай бирикмесинин механизация жана электирлештирүү бөлүмүнүн башчысы, төраганын орун басары,
  • 1986-87-жылдары Чаткал райкомунун айыл чарба бөлүмүнүн башчысы,
  • 1987-90-жылдары “Чаткал” совхозунун директору,
  • 1991-93-жылдары “Каныш-Кыя” совхозунун картошка өндүрүү боюнча арендатору,
  • 1993-96-жылдары райондун жер инспекциясынын директору,
  • 1996-2002-жылдары райондук администрация башчысынын орун басары - агрардык департаментинин директору, жетектөөчү адиси болуп иштеген.
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6