"Батышта бир убакта" (итал. C'era una volta il West, англ. Once Upon a Time in the West) — 1968-жылы жарыкка чыккан спагетти-вестерн, эпикалык тасма, режиссеру Сержио Леоне. Тасмага тартылгандар: Генри Фонда (бузуку шумпай), Чарльз Бронсон (бузукунун душманы), Клаудия Кардинале (жесир кожойке) жана Жейсон Робардс (бандит). Сценарийин Дарио Аргенто, Бернардо Бертолуччи жана Леоненин баянынын негизинде Сержио Донати жана Леоне жазган.

Батышта бир убакта
Режиссеру Сержо Леоне
Продюсер
  • Фулвио Морцелла
  • Бино Чиконя
Сценарийи
Оператору Тонино Делли Колли
Тартылгандар
Музыкасы Эннио Морриконе
Редактору Нино Барали
Студия
Жайылтуучу
  • Euro International Film (Италия)
  • Paramount Pictures (АКШ)
Чыккан жылы
  • 21 декабрь 1968 (1968-12-21) (Италия)
Узактыгы 165 мүн.
Өлкөсү  АКШ
 Италия
 Испания
Тили Англис
Бюджети $5 млн
Киреше $5,321,508 (US)[1]
14,873,804 (Франция)[2]

Тасма алгач 1968-жылы 21-декабрда жарыкка чыкканда 166 мүнөттү (2 саат 46 мүнөт) түзгөн. Бул версия Европанын кинотеатрларында көрсөтүлүп көп киреше алып келген. Тасма 1969-жылы 28-майда АКШда "Paramount" 145 мүнөткө (2 саат 25 мүнөт) кыскартылып, ийгиликтүү сатылган эмес. Кээ бирөөлөр бул тасманы Леоне тарткан "Аңкоо бала" (Европанын кээ бир жерлеринде "Бир убакта...Революция" деген ат менен да белгилүү) жана "Бир убакта Америкада" тасмалары менен улантылган "Бир убакта" үчилтигинин биринчиси деп эсептешкени менен тасмаларды байланыштырган каармандар жок.

Тасма шедевр жана эң мыкты тасмалардын бири деп эсептелет. 2009-жылы АКШ Конгрессинин китепканасы тасманы "маданий, тарыхый же эстетикалык баалуу" деп Улуттук кино реестринде сактоо үчүн тандап алган.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Box Office Information for Once Upon a Time in the West. The Numbers. Retrieved September 12, 2013.
  2. Box office information for film at Box Office Story