Батышчылык - европалык баалуулуктарга жана оппозицияда турган өзүнчөлүккө, башкалардан бөлөкчөлүккө, Орусиянын саясий тагдырынын уникалдуулугуна - XIX к. ортосунда славянофилдик деп аталып, «падышанын чектелбеген жеке бийлиги, православие, народничество», кечирээк почвенничество формуласы менен аныкталгандарга каршы турган орус коомдук ойлоосу менен саясий идеологиясынын туруктуу багыты.

Мындай кеңейтилген мааниде Б. А.И. Пыпин, М.О. Гершензон тарабынан талкууланып, Г.В. Плеханов, Н.А. Бердяев тарабынан эскертилген. Тар мааниде Батышчылык - XIX к. 40-50-жж. орус коомдук ойлоосунун багыты. Ал Орусиянын өнүгүшү үчүн зарыл жана В.Г. Белинский, А.И. Герцен, Т.Н. Грановский, К.Д. Кавелин, Б.Н. Чичеринге таандык (кийинки эки автордо саясат таанууга дагы байланышкан маанилүү маселелер козголгон) нерсе катары батыш либерализминин баалуулуктарын негиздеген жана коргогон. Плехановго ылайык тарыхтагы Батышчылык салты КиевРусунун колониялаштырган бөлүктөрүнүн карты туруусу аркылуу ХП-ХШ кк. эле пайда болот. Негизи эле анын жалпы шарты же парадигмасы «Орусиянын тарыхы Батыш Европанын тарыхына окшошпу?» деген суроого келгенде «Орусиянын маңызы» жөнүндөгү көптөгөн талаш-тартыштын жүрүшүнө көрсөтмө орун алган.

Батышчылык нугунун идеялары менен орус агартуучулугу, П.Я. Чаадаевдин «Философиялык каттар» декабристтик кыймылы сугарылган. 40-ж. башына карай батышчылар менен славянофилдердин ортосундагы карама-каршылык аныкталган. Батышчылардын 1939-ж. агым катары калыптанган социалдык идеалы - конституциялык монархия жана европалык үлгүдөгү буржуазиялык парламент. Батышчыларга оппозиция катары эки жыл кийин калыптанган славянофилдер Орусиянын тарыхый жолунун өз алдынчалыгы үчүн күрөшөт. Батышчылар менен славянофилдердин ортосундагы талаш-тартыштардын борбордук фигурасы - Улуу Пётр. Батышчылыктын чегинде XIX к. биринчи жарымында толук идеологиясы болгон эмес, анткени батышчыларды бириктирүүчү башталыш катары конструктивдүүрөөк социалдык идеалды издөөгө Караганда көбүнчө славянофилчиликти тануу кызмат кылган. Тигилердин да, булардын да катарында либералдык жана орточо акылдын багытындагы консерватизмди тутунган адамдар болгон. Талкуулоо үчүн негизги аянт катары адабий сын кызмат кылган; жергиликтүү социалдык чындыктар батышчылар тарабынан дагы, славянофилдер тарабынан дагы эске алынган эмес. Революциялык демократ-тамырчыларга орун берип, дыйкандарды бошотуу жөнүндөгү реформаларды кабыл алуу менен тигилер дагы, булар дагы идеялык турмуштун авансценасынан 60-ж. башында кетишкен. Ага карабастан орус батышчылары жарандык эркиндикке негизделген укуктук мамлекетти (ал тургай конституциялык монархиянын формасында) идеяларын иштеп чыгууга катышкан. Бирок Г.Федотов Батышчылыкты анын «жалындуу тамырсыздыгы» менен интеллигенцияны түзүүгө жооптуу деп санаган, бул Орусияда гана мүмкүн деп баса белгилеген.

Батышчылардан кийинки Батышчылыктын формалары чоң ар түрдүүлүгү менен айырмаланат: мында революциялык демократтар, либералдар дагы, марксизма» көбүрөөк кармангандар дагы, позитивизмди (илимдин культундагы, анын ичинде социалдык) кармангандар дагы народничествонун, анархизмди жана «элдик социализмдин» көп агымдарына каршы болгондор дагы бар. Идеялык тарыхтын багыты катары кайра түзүлгөн Батышчылык - дайыма жаңыланып турган анализдин, кеңири саясий резонанс жарата турган курч дискуссиялардын предмети.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8