Батыш Австралия бөксө тоосу

Батыш Австралия бөксө тоосу - Батыш Австралияда. Рельефи денудациялык процесстерге бир нече жолу дуушарланган аймак. 400-600 м бийиктикте жайгашкан түздүктөр басымдуу (цоколь түздүктөрү). Австралия платформасынын кембрийге чейинки түпкү тектеринин жер бетине көтөрүлүп жаткан бөлүгүндө, катмарланган түздүктөр Батыш Австралия калканындагы чуңкурдуктарда жайгашкан. Четки тоо массивдери жана жалпак чокулуу калдык тоолор (Хамерсли, Кинг-Леопольд, Стерлинг ж. б.) 1000 м ден бийик, чыгышында Масгрейв жана Макдоннелл тоолору (1500 м ден жогору) орун алган. Жарым чөл жана чөл ландшафты басымдуу. Спинифекс формасын түзгөн түбү бекем дан өсүмдүктөрүнүн тамырына бекиген кумдуу чөлдөр (Чоң Кумдуу чөл, Виктория Чоң чөлү, Симпсон) кеңири аянтты ээлейт. Цоколь түздүктөрүнө таштуу чөл («гиббер») мүнөздүү. Түштүгүндө карст ландшафттуу Налларбор түздүгү жатат. Кимберли жана Арнемленд ж. аймагында саванна жана сейрек токой, түштүгүндө субтропиктик бадалдар, сейрек токой өсөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4