Батыш Европалык Союз (1955)

Батыш Европалык Союз (1955) - согуштук-саясий уюм; Париж макулдашууларына ылайык Батыш союзуна (1948, курамына Бельгия, Улуу Британия, Люксембург, Нидерланд жана Франция кирген) Италия жана Германия Федеративдүү Республикасынын кошулуусунун натыйжасында батыш европалык союз болуп кайра түзүлгөн. Союзга кирген мамлекеттер эгерде алардын бирине Европада кол салуу коркунучу туулган учурда өз ара жардамдашуу максатын көздөйт. Батыш европалык союздун жетекчи органы өнөктөш өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринен турган Совет жана ошол өлкөлөрдүн парламентарийлеринен турган Ассамблея. Совет менен Ассамблеянын чечими сунуш катарында гана болот. Союздун ишмердүүлүгү Түндүк Атлантикалык келишим уюму менен тыгыз байланыштуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4