Батыш Саган тоо системасы

Батыш Саган тоо системасы - (монголчо саган ак же сойон (азыркы тува) уруусунун атынан) Түштүк Сибирдеги тоо системасы, Краснояр крайы менен Тува Республикасында. Кичи Абакан дарыясынын жогорку агымынан Чыгыш Саянга ашташкан жерине (Казыр жана Уда дарыясынын башаттары тушка) чейин 600 км ге созулат. Түндүктө Минуса өрөөнүнө тик түшөт, түштүктө Тува өрөөнү менен чектешет. Батыш Саган бүктөлүү структурасы түндүк-чыгышка карай созулуп, синклиналдар менен бөлүнгөн эки антиклинорийден турат. Коледон бүктөлүүсүндө көтөрүлгөн. Кен байлыктары: темир жана жез кобальт, никель, хром, коргошун, цинк, молибден, асбест. Батыш Саган дарыя өрөөндөрү менен тилмеленген салыштырмалуу кууш жана арсак-терсек кырлуу кыркатоолор системасынан турат. Көбүнө орто бийик тоо рельефи мүнөздүү. Бийик тоо рельефине Саян кырка тоосунун суубөлгүчү, Кызыл-Тайга массиви (бийиктиги 3121 м, Батыш Сагандын эң бийик жери), ошондой эле Ергак кыркатоосу ж. б. кирет. Түштүгүндө тоо аралык өрөөндөр (Ус, Туран-Уюк) бар. Климаты кескин континенттик, кышы узак жана суук, жайы кыска жана салкын. Дарыялары Енисейдин алабына кирет; ирилери: Абакан, Кантегир, Алаш, Ус, Уюк. Кедр, көк карагай жана карагайлуу күңүрт ийне жалбырактуу тайга ландшафты басымдуу; анын жогорку чегине жакын (1500-1800 м бийиктикте) кедр жана кызыл карагайлуу сейрек токой өсөт. Кыркатоолордун түштүк капталдарын тоо-токойлуу талаа, түштүк каптал экспозицияларын талаа өсүмдүктөрү, түндүк каптал экспозицияларын кызыл карагайлуу парк токою ээлейт. Бийик тоолорго тоо тундрасы, субальп жана альп шалбаасы, корумдар мүнөздүү. Батыш Саган аркылуу Абакан Кызыл (Ус жолу) жана Абаза Ак Довурак автомобиль жолдору өтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4