Батыш көөлү мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү.

Уз. 4,3 км, аянты 3,4 км2. Абляция облусунун аянты 1,3 км2. Көөлү кырка тоосун Тескей Алатоо м-н байланыштырган тармактын батыш капталынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4700 м, этеги 3780 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4260 м. Фирн облусу Көөлү кырка тоосунун батыш чегиндеги чокунун түн.-батыш капталында. Мөңгүнүн өлчөмү өзгөргөн жок. Андан агып чыккан суу Ээрташ суусуна сол жактан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2