Бахчи-Сарай тынчтык келишими (1681)

Бахчи-Сарай тынчтык келишими (1681) - Россия менен Түркия жана Крым хандыгынын ортосунда түзүлгөн убактылуу тынчтык келишими. 1680-ж. 26-августта Россиянын Польшадагы резиденти В. М. Тяпкин, дьяк Н. М. Зотов, украиналык катчы С. Ракович Крымга элчиликке жиберилип, 1681-ж. 13-январда Бахчисарайда 20 жылдык тынчтык келишими түзүлгөн. Анын шартында Россия менен Түркиянын чегарасы Днепр д. боюнча өткөн; Киев, Васильков, Триполье ш., Дедовщина жана Радомышль жерлери Россияга калган. Сол жээк Украина менен Киевдин Россияга кошулушун жана запорожьелик казактардын Россия букарасы болушун Түркия тааныган. Буг менен Днепрдин ортосунда бейтарап зона түзүлгөн. Крым татарлары Днепр ж. б. өзөндөрдүн жээктериндеги талааларда көчүп жүрүү жана аңчылык кылуу үчүн укук алышкан; казактар ж. б. орус калкы Днепрде жана анын куймаларында балык кармоого, туз алууга, аңчылыкка жана Днепрден Кара деңизге чейин эркин сүзүүгө укук алышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4