Башкарууну автоматташтыруу

Башкарууну автоматташтыруу - эл чарбасынын түрдүү тармактарында башкаруу маселелерин чечүүдө математикалык ыкмаларды, автоматтык түзүлмөлөрдү жана эсептөө техникасын колдонуу. Ал өндүрүштү пландоону, аны оперативдүү башкаруу менен башкаруунун бардык органдарынын аракетин бири бирине шайкеш жүргүзүүнү камсыз кылат. Анын илимий негизи эл чарбасын башкаруунун өзгөчөлүктөрүн, башкаруунун оптималдуу системаларын синтездөө ыкмаларын изилдөөчү жана экономикалык милдеттерди чечүүдө математикалык ыкмаларды колдонуу маселелерин үйрөнүүчү экономикалык кибернетика. Эл чарбасын жана анын ар бир бөлүгүн автоматташтырылган башкаруунун бирдиктүү системасында адам менен кибернетикалык машинанын өз ара аракеттеринин методологиясы жана ачык-айкын маселелерин чечүү анын негизги проблемасы болуп саналат. Башкарууну автоматташтыруунун негизги техникалык каражаттары компьютерлер. Алар берилген чоңдуктарды иштетүүнүн борборлоштурулган системасын түзүү, пландоо, статистика, эмгек акыны эсептөө, запастын эсебин алуу, жабдуу ишинин графиктерин түзүү жана жумушчу күчүн пайдалануу боюнча маалыматтарды иштетүү үчүн колдонулат. Процессти технология жактан гана эмес, экономика жактан да оптималдуу жөндөө үчүн электрондук башкаруучу машиналар менен бирге, түрдүү атайылаштырылган, мисалы, информацияларды белгилеп каттоочу, иштетүүчү, өзгөртүүчү, сактоочу, издөөчү ж. б. байланыш каражаттары колдонулат. Көптөгөн абоненттер менен түздөн-түз байланыш каналдары аркылуу кошулган кубаттуу эсептөө борборлору түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4