Башкаруучу машина - татаал объекттер же өз ара байланышкан объект тобун автоматтык башкаруучу эсептегич механизм. Аны колдонуу менен башкарылуучу объектинин кадимкидей жана өндүрүмдүү иштешине жетишүүгө, жогорку сапаттагы продукция алууга, сырьё же электр энергиясын үнөмдөөгө болот. Башкаруучу машина үзгүлтүксүз, дискреттүү аракеттеги жана айкалышкан типтеги машина болуп бөлүнөт. Үзгүлтүксүз аракеттеги машина операциялары үзгүлтүксүз өзгөрүп туруучу чоңдуктар (электр чыңалуусу, кыйшаюу бурчу ж. б.) жана дискреттүү машинанын иши сан түрүндө берилген чоңдуктар менен аткарылат. Айкалышкан типтеги машиналар үзгүлтүксүз жана дискреттүү машиналардан турат. Ал электр энергетикасында, металлургияда, нефть жана химия өнөр жайында өндүрүштүк процесстерди автоматтык башкаруу үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4