Башкаруучу түзүлмө - башкарылуучу объектиге башкаруу алгоритмине ылайык таасир берүүчү түзүлмө. Башкаруучу түзүлмөнү (А) жана башкарылуучу объектини (В) ичине алган автоматтык башкаруу системасынын түзүлүш схемасы чиймеде көрсөтүлгөн. Башкаруу үчүн башкаруучу түзүлмө объектиге башкаруучу таасир берет. Башкаруунун максаты объектинин ишин мүнөздөөчү кандайдыр I криптерийин экстремумга (эң чоң же эң кичине мааниге) жеткирүү. Эгер I чоңдугунун эң кичине маанисин алуу керек болсо, анда I(x, х’)=мин. (1) шарты аткарылыш керек, мында x — объектинин чыгыш чоңдугу, х’ системанын кириш чоңдугу. Автоматтык жөндөө системасында х чоңдугу х’тен көп айырмаланбашы керек: I (х, х’) = (х—х’) =мин. (2). Мында башкаруунун максаты толук аткарылбайт, анткени объектиге (В) башкаруучу таасирден (и) башка да алдынала билүүгө мүмкүн болбогон кедерги (z) күч тааспр кылат. Ошондуктан х жалаң эле и га эмес z ке көз каранды: х=х(u, z) (3). Жакшы башкаруу үчүн башкаруучу түзүлмө башкарылуучу объект жөнүндөгү бардык маалыматтарды эсепке алып жана алардын негизинде башкаруучу таасирди (и) берип турушу керек. Бирок көп учурда, башкарылуучу объект жөнүндөгү маалымат жок же жетишсиз болушу мүмкүн. Ошондуктан башкаруучу түзүлмөнүн кириш таасиринин (х’) учурдук мааниси менен бирге объектинин абалы жөнүндөгү маалыматтар да объектинин чыгышын башкаруучу түзүлмөнүн кириши менен байланыштырып туруучу тескери байланыштын зым кермеси аркылуу берилет. Кедергинин (z) учурдук маанисин өлчөөгө мүмкүн болсо, ал дагы башкаруучу түзүлмөгө берилет (чиймеде пунктир сызыгы). Алынган х, х’, z маанилеринин негизинде башкаруучу таасир чыгарылат: и=и(х, х’, z ) (4). Бул көз карандылык башкаруучу түзүлмөнүн алгоритми деп аталат. Алгоритм татаал болушу да мүмкүн. Мисалы, и чоңдугу учурдук маанилерге гана эмес системанын абалына да көз каранды болгон учурда, башкаруучу түзүлмөгө эске тутуучу блоктор бириктирилет. Эгер башкаруучу түзүлүшүнүн алгоритми (4) I критерийинин эң кичине маанисин бере алса, анда ал оптималдуу башкаруучу түзүлмө, ал эми автоматтык башкаруу системасы оптималдуу система деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4